Токмокто кырсыкка кабылган унаа оодарылып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 349
 
Опубликовано 18 Марта 2026, 13:38

Чүй облусунун Токмок шаарында эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 18-мартта саат 9:00 чамаларында болгон. Кырсыкка кабылган унаалардын бири оодарылып кеткен. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык боюнча тактоо жүргүзүп жатат.