Кара-Сууда таш кулап, жолду жаап калды

turmush
Скачать
Просмотров: 266
 
Опубликовано 11 Марта 2026, 15:58

Бүгүн,11-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы жолго таш кулады. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык—Кызыл-Суу ички чарбалык унаа жолунун 17-чакырымына таштар кулап, жол жабылган. Жабыркагандар жок.