Эки адамды өлтүрүүгө шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 7-мартында болжол менен саат 11:04тө Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.