Ош шаарында «Lexus LX 470» жана «Kia K7» менен автоээнбаштык жасаган айдоочулар табылды

turmush
Скачать
Просмотров: 117
 
Опубликовано 10 Марта 2026, 15:16

Ош шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочулар аныкталды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Курманжан датка жана А.Саргалчаев көчөлөрүндө катталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузуп, автоээнбаштык жасаган «Lexus LX 470» жана «Kia K7» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларына 15 миң сомдон айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле буга чейин автоээнбаштык кылган дагы бир учур катталган. Анда унаага үн чыгаруучу аппарат орнотуп, кошумча жарыктарды коюп, жасалма мамлекеттик номур тагып, видео тарткан 5 жаш жаран аныкталган.

Аталган факты боюнча алардын унаасы айып короого киргизилип, унаага жасалма номур тагып жүргөндүгү үчүн 10 миң сом айып пул салынган.