Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасына президенттин Оштогу өкүлү Аманкан Кенжебаев билдирди.
Бүгүн, 3-мартта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи болуп келген Канат Табалдиевди жамаатка тааныштырды.
Иш-чарага облус жана шаар жетекчилиги катышты. Облус башчысы өз сөзүндө 10 күн мурун аталган кызматтын милдетин аткаруучу болуп Жоомарт Токтогулов дайындалганын айтты.