Ош—Баткен—Раззаков жолундагы кырсыктан 3 адам жабыркады

turmush
Скачать
Просмотров: 392
 
Опубликовано 2 Марта 2026, 15:56

Ош—Баткен—Раззаков жолунда жол кырсыгы катталып, 3 ажам жабыкады.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 4 унаа катышкан кырсык 2026-жылдын 26-февралында саат 20:10 чамасында Ноокат районунун Т.Зулпуев айыл аймагында болгон. Анда эки «Daewoo Matiz» унаасы кагышып, андан кийин артынан «Honda Fit» жана «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаалар кошулуп сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен «Daewoo Matiz» унаасынын айдоочусу жана «Honda Fit» унаасындагы эки жүргүнчү жабыркап, Ноокат райондук ооруканасына кайрылды.