Кант—Бишкек унаа жолунда тез жардам унаасын ээрчип, жол кооптулугун жараткан унаанын айдоочусуна айып пул салынды.
Буга чейин социалдык тармактарга «БМВ» үлгүсүндөгү унаа тез жардам унаасынын артынан ээрчип бара жатканда тартылган видео тараган.
Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган айдоочу аныкталып, унаа айып короого токтотулду. Айдоочуга 10 миң сом айып пул салынды.