Араванда эки унаа кагышып оодарылып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 219
 
Опубликовано 23 Февраля 2026, 16:15

Араван районунда 19‑февралда эки унаа катышкан жол кырсыгы катталды. “Хундай Аванте” унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеде келе жаткан “Портер” унааны сүзгөн. Кырсыкта эки унаа тең оодарылып кеткен. Транспорт каражаттарынын ичиндеги жүргүнчүлөр жаракат алган жок, бирок унааларга материалдык зыян келтирилген.