Ак-Талаа; Баетов айылынын мергенчилери коюу туман арасынан 1 канчык карышкыр атып алышты

turmush
Скачать
Просмотров: 200
 
Опубликовано 19 Февраля 2026, 14:45

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 3 мергенчиси 5 карышкырдын бирин атып алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн 19-февраль күнү Баетов айылынын Кара-Суу жайлоосундагы Кичи-Орток чөлкөмүндө 5 карышкыр жүргөнүн уккан жергиликтүү мергенчилер Эдил Үсөнов, Качан Турдубаев жана Назарбек Эсенов үчөө аталган чөлкөмгө таң эрте барышып, буктурмаларда карышкырларды аңдышып, жыйынтыгында 1 баш канчык карышкырды Эдил Үсөнов атып алгандыгы маалым болду.

"Таң эрте саат 05:00 дө чыгып кеткенбиз. Айлананы аябай коюу туман каптап турган. 5 карышкырдын караанын көрдүк. Алар, алгач Качан турган буктурма жакка бет алышкан. Кычан аткылаганда чачырап кетишиптир. Бир карышкыр мен жакка келип калды. Ошол жерден атып калдым. Калгандары коюу тумандан каякка салып кетип калгандарын көрбөй калдык. Айылга алып келдик. Жылкычылар тарабынан сый акы деп 15 миң сом беришти. Үчөөбүз бөлүшүп алдык", - деди Э.Үсөнов.

--
Отправлено из Mail для Android