Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жеңил унаа менен мотороллер кагышты.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык кечээ, 16-февралда саат 15:00 чамасында болгон. Жеңил жаракат алгандар бар.
Чүй ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсык боюнча тактоо жүргүзүп жатат.