Кара-Кулжада жолду тазалап жаткан техниканы кар басып калган. Айдоочу куткарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 8
 
Опубликовано 17 Февраля 2026, 11:21

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жолду кар көчкүдөн тазалап жаткан техниканы айдоочу менен кошо кар басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя кечээ, 16-февралда болгон. Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 101-чакырымында кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан учурда кырсык катталган. Болжол менен саат 16:00-17:00дөр чамасында №26 жол тейлөө ишканасынын айдоочуусу иш учурунда техникасы менен кошо кар алдында калып калган.

Окуя болгон жерде жанындагы айдоочулар тарабынан ыкчам аракет көрүлүп, кызматкер техникадан чыгарылган. Жабыр тарткандар жок.