Ошто бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция жасалды. 68 жаштагы ата уулуна донор болду

turmush
Скачать
Просмотров: 13
 
Опубликовано 17 Февраля 2026, 10:26

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында дагы бир уникалдуу операция — бөйрөк алмаштыруу ийгиликтүү жасалды. Бул клиникада ишке ашкан төртүнчү трансплантация болуп эсептелет.

Үч жылдан бери диализ алып келген уулу үчүн атасы өзүнүн бөйрөгүн берүүгө макул болуп, донор болду. 68 жаштагы Анарбек Усенов уулу бөйрөк оорусуна чалдыккандан кийин университеттин медициналык клиникасына кайрылган. Узак убакыт бою бөйрөк алмаштыруу маселесин чечүүнүн жолун издеп жүргөн ата бул жолу өзү 40 жаштагы уулуна донор болууга макул болгон.