Ысык-Көлдө муз жарылып, сууга түшүп кеткен кыз куткарылды

turmush
Скачать
Просмотров: 416
 
Опубликовано 12 Февраля 2026, 17:45

Бүгүн,12-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында муз жарылып, эки жаран сууга түшүп кетти.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, Дача тилкесиндеги көл үстүндөгү муз жарылып, анын кесепетинен 2 адам — 2008-жылы туулган Т.К. (кыз) жана 1996-жылы туулган Р.Р. (эркек) сууга түшүп кеткен.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, сууга түшүп кеткен кызды аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Ал эми эркек кишини жеринде жүргөн жергиликтүү тургун суудан аман-эсен чыгарган.