Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Өзгөн шаарында 2026-жылга карата бир катар пландар коюлду. Шаарда жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, көчөлөр асфальтталып, түнкү жарыктандыруу, коопсуздук камералары орнотулууда.
Өзгөн шаарынын мэри Элдос Таев шаарда жүрүп жаткан курулуш жана өнүктүрүү иштери тууралуу Turmush басылмасына маалымат берип, негизги багыттар социалдык объекттер, инфраструктура жана шаарды көрктөндүрүү экенин белгиледи.