Манас шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочуларга айып салынды

turmush
Скачать
Просмотров: 3
 
Опубликовано 9 Февраля 2026, 14:39

Манас шаарында автоээнбаштык жасаган айдоочуларга жалпы 85 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалыматка караганда, «Toyota 4Runner», «Hunday Grandeur» жана «Hunday Avante» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары калаанын негизги көчөлөрүндө автоээнбаштык жасап, унааны каршы тилкеде башкарып, уруксааты жок кошумча жабдууларды орнотуп алышкан. Окуянын видеосу социалдык тармакка тарады.