Ош шаарынын мэри Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тургундар бир катар социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Алардын бири №39 «Күн нуру» балдар бакчасынын абалы болду. Жашоочулардын айтымында, аталган бала бакча 1969-жылдан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.