№13 округдагы кайра шайлоодо аралыктан добуш берүү болбойт. Себеби айтылды

turmush
Скачать
Просмотров: 4
 
Опубликовано 5 Февраля 2026, 12:28

№13 округда мыйзам бузуучулук орун алса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында өткөн жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалыматына караганда, БШКнын өкүлдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, Базар-Коргон, Ноокен райондору жана Майлуу-Суу шаарынын активи, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат.