Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын тургуну кой кайтарып жүрүп, дөбөт карышкыр атып алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 16-январь күнү аталган айылдын тургуну Муратбек Эсенканов күндүз Туюк-Коо чөлкөмүндө кой кайтарып жүрүп, жортуп келе жаткан карышкырды ат менен кубалап барып , атып алгандыгы маалым болду.
"Быйыл кышта 2 карышкыр аттым. Өткөндө Баетов айылында карышкыр аткандарга сый акыларды берилиптир. Эми бизге берет деп жатышат. Бирок, качан берилери айтыла элек. Бирок, берилет дешти. Бул Терек аймагында ит-куштан тынч элебиз. Кара-Суу, Майстан чөлкөмүндө күч болуп жатыптыр. Жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен мергенчилер уюшуп алып, карышкыр атууга чыгып жатабыз. Кечээ, 26-январь күнү кой кайтарып жүрсөм, ылдый жактагы малчылар "этекте 1 карышкыр жүрөт" деп кабарлашты. Дароо элеб баш жагын тосуп, ат менен кубалап барып, атып калдым. Дөбөт карышкыр экен", - деди Муратбек.
--
Отправлено из Mail для Android