Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл аймагынын Кызыл-Суу айылынан көмүр ташыган оор жүк ташууга автоунааларга айып пул салынды. Мындай чара аталган автоунаалар эскертүүлөргө карабай Кызыл-Суу Жаңы-Арык жолу менен ашыкча жүк ташыгандан кийин көрүлгөн.
21-ноябрь күнү социалдык тармактарга видео тараган. Анда жергиликтүү тургун Кызыл-Суу айылында токтоп турган бир нече автоунааны тартып жатып: «Мына Кызыл-Суудагы «КамАЗдар»... Бекинип турган жеринен оор жүк ташуучу автоунаалардын салмагын текшергендер (Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын кызматкерлери) кармап алышты. Мына «ХОВОлору», мына эл. Көп эскертүүлөргө карабай, жолубузду талкалап, «Ховолор» менен жүк ташп жатышат», - деген.