Азырынча буфердик аймак канча гектарга кыскарары так белгилүү эмес. Бирок, министрликтин адистери да, жергиликтүү бийлик жана шаардык архитектуар макул болгон орток пикир бар. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыктын башчысынын орун басары Рысбек Токоев кабарлагандай, алгач жергиликтүү бийликтин «буфердик аймактын чеги тоонун корук аймагынын чеги менен бирдей болсун» деген сунушу болгон. Бирок ага министрликтин адистери макул болгон эмес. Анткени, ЮНЕСКОнун талаптары да эске алуунага тийиш болгону айтылган.
«Сулайман-Тоонун аянты 79 гектар. Анын корук аймагы Курманжан датка, Гапар Айтиев, Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине чейин жайгашкан. Биз буфердик аймагынын чегин корук аймагынын чегинде эле калтыралы деп сунуш бердик. Бирок, алар да өздөрүнүн сунушун берген. Тиги жагы Манастын айкели жайгашкан айлампанын жанындагы 32 гектарды буфердик аймактан чыгаруу менен Ак-Бууранын жээги аркылуу Курманжан датка көчөсүн менен Сулайман-Тоонун түндүк жагындагы калктуу конуш менен аядоо аянтынын чек арасы аркылуу Г. Айтиев, Навои көчөлөрү аркылуу өтөрүн сунуштап жатышат. Биз ага дагы макулбуз. Себеби, бизге негизинен «Ош сити», «Айти сити» курулуп жаткан жерлерге негизинен шаар курулуп жатат. Анан калса Манас айлампасынын жанындагы 32 гектар жер да керек болууда», - Токоев.
Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы 5 миң гектарга чукулдайт. Рысбек Токоев түшүндүргөндөй, азыркы буфердик аймагы өтө чоң болуп калгандыктан, шаарды кеңейтүү маселелси орчундуу бойдон калууда.
«Сулайман-Тоонун учурдагы буфердик аймагы абдан эле чоң. Бул жагы Рысбай Абдыкадыров көчөсү менен барып, Дом-Быта кичи районунун өзүнө камтып, нары жагынан Өзгөн көчөсү кошулат. Аны менен кошо Ысакбек Мониев көчөсү менен Ак-Бууранын жээгине түшүп, Курманжан датка көчөсү аркылуу «Достук» чек арасына чейин барат. Бул жагы Сүрөт-Таш айылы аркылуу өтүп, Өзбекстандын менен чек аралаш жак менен айланып келип туруп, Ош шаары менен Араван районунун чек арасына чейин жетип, Керме-Тоону өзүнө камтып отурат. Шаар келечекте өнүгө турган аймактын баары буфердик аймакка кирип калган», - деди ал.