Нарын облусунун Ак-Талаа районунда токойчулардын кесиптик күнү белгиленип, ага удаа райондук токой чарбасы заманбап техникаларга ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 18-ноябрь күнү Ак-Талаа райондук токой чарбасында токой чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, ага райондук бийликтин өкүлдөрү, токойчулар, токой чарбасынын ардагерлери, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилер жана журналисттер катышты.
Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө, алгач Ак-Талаа райондук токой чарбасынын директору Рысбек Каналиев токой чарбанын өздүк каражаттын эсебинен 967 миң сомго алынып келинген заманбап техникалар жана жабдуулар менен тааныштырып, аларды токой бөлүмчөлөрүнүн бөлүм башчыларына салтанаттуу тапшырылды. Андан соң, токой чарбанын бакчасына ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, кесип ээлерине Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы токой кызматынын жана райондук токой чарбасынын сыйлыктары тапшырылса, аны менен бирге эле токой чарбасы менен тыкыр кызматташып келген журналисттерге, мекеме жетекчилерине дагы сыйлыктар ыйгарылды. Ошондой эле, токой чарбанын 2025-жылы аткарылган иштери жана алдыдагы пландары тууралуу маалымат берилди.
Тагыраак айтканда, 967 миң сомго токойлорду көзөмөлдөө үчүн дрон, ЖПС жабдуулары алынса, ал эми токойчулардын токойлорду кыдыруусу үчүн 3 даана мотоцикл, 2 даана чөп чапкыч жана 3 даана топуракты майдалап, жер айдап, арыз казган техника алынгандыгы маалым болду.
--
Отправлено из Mail для Android