Ак-Талаа; Терек айылынын имамына жеңил унаа тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 763
 
Опубликовано 18 Ноября 2025, 14:25

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылынын имамына жеңил унаа белекке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 16-ноябрь күнү аталган айылда кыргыз улуттук оюндарды даңазалоо, айыл элинин ынтымагын бекемдөө,жаштарды сергек жашоого үндөө максатында жыл сайын муундар арасында көкбөрү оюну уюштурулуп келет. Бул саамалыкты улай, быйыл айылдын 1994-жылкы жигиттери тарабынан уюштуруу иштери колго алынып, баш байгеге "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаа коюлган.

Оюндун жыйынтыгында баш байгени 1993-жылкы жигиттери багынтып, баш байгеге коюлган "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унааны утуп алышкан унааны бүгүн 18-ноябрь күнү кайра айылдын имамы Айбек Токтогуловго жергиликтүү тургундардын катышуусунда салтанаттуу тапшырып беришти.