Чүй облусунун Панфилов районунда малдын эти 700 сомдон сатылууда.
Бул тууралуу аймактык кабарчы сатуучулар менен жеринде таанышты.
Райондо эт сатуучу 4 жай бар. Учурда кой уйдун эти ( сулп эттен сырткары) сапатына карай 3 түрдүү баада.
Алар:
Малдын сан эти килограммы 700 сом,
- Кабырга 630 сом,
- Социалдык бурчта сатылган эт 570-600 сомдон.
Райондук ветерианардык башкармалыгынын адиси Нурила Азыкованын жана сатуучу Азамат Жолдошевдин айтымында, эт сатуучу жайларда атайын социалдык бурч уюштурулган.
"Аз камсыз болгон үй бүлөлөр, жалгыз бой энелер жана пенсиядагы жарандар үчүн атайын социалдык бурч уюштурулган. Анда эттин баасы 570-600 сомдон сатылууда", - деди алар.