Бүгүн, 24-октябда Чүй облусунун Панфилов районунда Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык мааракеси белгиленди.
Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Алгач облустун, райондун жетекчилери жана Жаңыл Түмөнбаеванын катышуусунда анын ысымы ыйгарылган Курама айыл өкмөтүнө караштуу көчөгө арча көчөттөрү отургузулду. Андан соң иш чара райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында уланып, катышуучулар уюштурулган фотогалерея менен таанышты. Ошондой эле ага Чүй облусунун "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.
Иш чарада Ж.Түмөнбаеванын өмүрү жөнүндө тартылган кыска метраждуу видеофильм көрсөтүлүп, ал Чүй облустук камералык оркестринин жана райондук маданият үйүнүн концерттик программасы менен коштолду.