185 кг, бою 1 метр 7 сантиметр болгон кочкорлор: Ошто «Ала-Тоо» породасындагы койлордун сынагы болду

turmush
Скачать
Просмотров: 579
 
Опубликовано 8 Сентября 2025, 11:54

Кечээ, 7-сентябрь күнү, Ош облусунда эт-май багытындагы жаңы «Ала-Тоо» породасындагы кыргыз койлорунун эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.

Кечээ, 7-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында «Ала-Тоо» түркүмүндөгү койлордун сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү, Кара-Суу районунун акими, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Азербайжандан келген коноктор жана Кыргызстандын жети дубанынан фермерлер катышты.