Бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолунун курулушу башталды.
Мамлекет башчысынын катышуусунда эл аралык маанидеги авто жолду курууга старт берилди. Өлкө башчысына унаа жол түндүктөн түштүккө карай Барскоон, Сөөк ашуулары, Кара-Сай өрөөнү жана Ашуу-Суу ашуусу аркылуу өтө турганы маалымдалды.
Сөөк ашуусу аркылуу жыл бою өтүүнү камсыз кылуу үчүн узундугу 5,5 км болгон туннель куруу пландаштырылууда. Кара-Сай аймагында эстакадалык көпүрө конструкциясы курулат. Ал эми кар көп жааган Ашуу-Суу ашуусунан өтүү үчүн узундугу 3,8 км болгон дагы бир туннель курулат.
Ири долбоорду ишке ашыруунун башталышына арналган салтанаттуу аземде Садыр Жапаров бул күн Кыргызстандын жаңы тарыхына маанилүү окуя катары кирерин баса белгиледи.
Аталган жолду куруу мамлекеттин өнүгүү багытын көздөй турганы айтылды.
“2023-жылы Сиань шаарында өткөн “Кытай – Борбор Азия” саммитинде КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугуп, “Бедел” долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз. Ошол күндөн тартып бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө турат”, - деди президент.
Жолду курууда 12 тоолуу серпантин,Барскон суусун бойлой курулат. Деңиз денгээлинен 3700 чакырым 5.5 тоннель ал эми 95-чакырымында эстокадалык көпүрө жана ири тейлөө комплекси курулуп, көп тармактуу болот. Ашуу-Суу ашуусунла 3.8 чакырымдык тоннель курулуп баардык коопсуздук эске алынат. Өткөрмө пункту аркалуу суткасына 900 унаа өткөрүү мерчемделген.