Ак-Талаа; Үч күндүн ичинде 9 баш карышкыр жок кылынды

turmush
Скачать
Просмотров: 460
 
Опубликовано 14 Августа 2025, 01:56

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя жана Көк-Жар айылында 3 күндө 9 карышкыр жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдын мергенчиси Шайлообек Орозобековдун айтымында, учурда карышкыр күч болуп, жума сайын 5-6 дан баш бодо малдарды деп кетип турган. Мындан улам, жергиликтүү тургундардын кайрылуусу жана жардамы аркылуу уюшуп чыккан мергенчилер тобу тарабынан Коргон жайлоосунун Узун-Булак, Тобок, Узун-Өрдөш жана Узун-Булак чөлкөмдөрүнөн 3 күндүн ичинде жалпы 9 карышкыр атылып, анын ичинен 2 канчык жана 4 бөлтүрүк мергенчилердин колуна тийген. Ал эми 3 карышкыр атылганы менен өлүгү таба албай калышкан.

"Карышкыр атууга жергиликтүү мергенчилерден мен, Сейитбек Сейтакунов жана сырттан келген мергенчилер менен биргеликте уюшуп, карышкыр атууга чыкканбыз. Анткени, карышкыр күч болуп, жума сайын 5-6 дан бодо малдарды жеп жаткандыктан улам айыл эли карышкырларды жок кылууну билдиришкен. Ак-Кыя жана Көк-Жар айылынын элине рахмат. Эл бизди колдоого алып, азык-түлүгүбүзгө, күйүүчү майыбызга акча чогултушту. Мындан тышкары, мергенчилердин акысына деп 25 миң сом беришти. Ошондой эле, мингенибизге аттарын жана 4 баш козу беришти. Үч күн карышкырлардын багыты менен жүрүп, 3 күндүн ичинде жалпы 9 баш карышкыр аттык. 3 карышкыр ок тийип жарадар болгон. Тилекке каршы, токой-чердин арасынан алардын өлүктөрүн таба албадык. Биз бийиктиги 2800-3000 метрди түзгөн Кыргоонун-Башы, Узун-Булактын-Башы тоосунун чокусунан атылган. 3 күн тынымсыз аңчылык кылып, бүгүн 13-август күнү айылга кайтып келдик", - деди Шайлообек Орозобеков.

--
Отправлено из Mail для Android