Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кыз-Жайлоо жайлоосундагы карагайлуу токойдо өрт чыгып, өчүрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Ак-Талаа районунун акими Мирлан Камчыбековдун айтымында, 11-август күнү аталган жайлоодо белгисиз себептерден улам токойдо өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 кызматкер 1 бирдик өрт өчүрүүчү "Камаз" унаасы жана 1 бирдик куткаруучу "Ниссан" унаасы, райондук токой чарбасынан 13 кызматкер, 1 "УАЗ" жана 1 "Нива" унаасы, Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн аппаратынан 1 кызматкер, Ак-Кыя айылынан 17 адам, 1 жеңил жүк ташуучу, 2 жеңил унаа тартылган. Болжол менен 30 сотыхка чукул аянт өрттөнгөндүгү маалым болду.
"Өрттү өчүрүүгө барган "Камаз" унаасы өрт болгон жерге жолдун жамандыгынан жете албай бөлүккө кайтып келген. Өрт 3 даана мотопомпалардын жардамы менен тоонун бетине 3 секи кылып алып жеткирип жана кошумча жеңил чакалар, пластик канистралар менен ташып өчүрүлдү. Мындан сырткары, өрттү күрөк, балталар менен карагайлардын чок болуп күйүп жаткан тамырларын казып, оодарылып суу берип, өчүрүп чыгышты. Өрттүн кесепетинен жабыркаган адамдар болгон жок", - деди район жетекчиси.
Ал эми Ак-Талаа райондук токой чарбасынын жетекчиси Рысбек Каналиев өрт чыккан чөлкөм көзөмөлдө тургандыгын айтты.
"Өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Учурда, бир аз түтүн чыгып жатат. Негизинен, өрттүн жайылып кетүү коркунучу жок. Айланасы бүт казылып, карагайлардын түбүндөгү топурактар оодарылып, суу жиберилген. Азыркы тапта токой чарбасынын кызматкерлери абалды көзөмөлгө алып турушат", - деди Р.Каналиев.
--
Отправлено из Mail для Android