Ак-Талаа; Соң-Көлдө белгисиз оорудан улам мал жандыктары өлүүдө

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда белгисиз оорудан улам мал жандыктары өлүп, мал өлүктөрү жайыт жерлерде жаткандыгын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мал жандыктары жаздан бери өлүп, Соң-Көл жайлоосунда бир малчынын короосунан эле 50 баш кой-эчкилер өлгөн. Көбүн эсе эчкилер өлгөндүгү айтылды. Ветеринарлар келип текшерүү иштери эң жүргүзгөндөрү менен, бирок малдар эмнеден өлүп жатышкандыгын тактала электигин, ар кандай версиялар айтылып жаткандыгын айтышууда.
Жаңы-Талап айылынын тургуну Кубанычбек Асылбек уулу көбүн эсе эчкилер өлүп жаткандыгын айтты.
"Тээ жаздан бери мал жандыктары өлүп жатат. Кимдин канча малы өлгөнүн билбейм. Бирок, Соң-Көлдө Сыртбек Нурабаев малчынын короосунан кой-эчкилерден жалпы 50 баш мал өлүптүр. Көбүн эсе эчкилер экен. Бул видеону кечээ же мурдагы күнү эле тарткан окшойт. Бизде малчылардын вотсапта группабыз бар да. Группага 19-июль күнү кетирди. Малдын өлүктөрү кокту-колоттордо жатат. Өкмөт башчыга айтсак, "өлүктөрдү көмүү үчүн техника жиберсек, аныбыз жолдо бузулуп калыптыр, оңдошсо эле барат, көмөт" деп койду. Ветеринарлар ооруну аныктай албай жатышат. Ар кандай версияларды айтып жатышат. Бири "уу чөптөн өлүп жатышат" дейт. Тоголок Молдо айылынын малчыларыныкы дагы өлүп, алар мал өлүктөрүн жүктөп кетишиптир", - деди Кубанычбек Асылбек уулу.
Ал эми Жаңы-Талап айылынын тургуну Чолпон Орозалиева мал өлүмү жаздан бери токтобой жаткандыгын айтты.
"Өз убагында эле ветеринарлар айткан эмдөө иштерин бардыгын эле жасатканбыз. Мал өлүмү жаздан бери токтой элек. Эмнеден ооруп жаткандары дагы белгисиз. Биздин 15 баш жандыгыбыз бар эле. 6 баш малыбыз тээ жаздан эле өлүп калды. Иши кылып эч кандай реакция жок болуп жатат. Мал өлүктөрү Соң-Көлдө жатат деп жатышат. Экология бузулуп жатпайбы", - деди Чолпон Орозалиева.
Ал эми айыл өкмөт башчысы Сьезбек Мыктыбеков Ак-Кыя айылынан 300 чукул мал өлгөндүгүн айтты.
"Бул боюнча мындай да. Жалпы Ак-Кыядан 300 гө чукул мал өлдү. Мал өлүмү май айында башталган. Ошондон беркиси 300 гө чукулдап кетти. Эмнеден улам өлүп жаткандыгы боюнча ветеринарлар текшерүүгө жөнөтүшкөн. Лабораториядан "уу чөптөн өлүп жатыптыр" деген. Бул Ак-Кыя боюнча. Ал эми Тоголок Молдо жана Жаңы-Талап айылыныкы кийинчерек башталды. Мал өлүп башталганына бир айга чукулдады. Эки айылдан биригип 50 дөй мал өлдү. Мындан бир жума мурун айыл өкмөттүн адистери жана ветеринарлар Соң-Көлгө барып, мал өлүктөрүн көмүп келишкен. Андан кийин дагы өлүптүр. Кечээ көмүп келүүгө кетишкен. Бирок, тезникабыз Тогуз-Булак чөлкөмүнө жеткенде бузулуп калыптыр. Бүгүн оңдоп алып барышат, көмүшөт. Өлгөндөрүн улам сайын көмдүрүп жатабыз. Ветеринарлар келип жатышат. Тиги жаткан өлүктөрдүн жатканына 2-3 күн болду. Элге дагы "малыңардын өлүктөрүн алып келип көмгүлө деп айтканбыз. Азыркы учурда ветеринарлар келип, биздин адистер менен биргеликте мал өлүктөрүн чогултуп, көмүп жатышат. Учурда, Ак-Кыя айылында мал өлүмү токтогон", - деди айыл өкмөт башчысы.
Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Талантбек Токтогожоев
"Бул боюнча кызматкерлерди 2 күн мурда дагы жөнөткөм. Эртең менен дагы орун басары да кошуп 3 кызматкеримди жөнөткөм. Бул боюнча тактап, аныктап толук жообун беребиз", - деди Талант Токтогожоев.
--
Отправлено из Mail для Android