Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын окуучусу Алмазбек кызы Саламат жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алып, мектебин унаалуу кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ 30-июнь күнү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ийгилик жараткан окуучуларды жана мугалимдерди сыйлоо аземи белгиленип, ага Жогорку Кеңештин депутаты баш болгон, район жетекчилиги, мектеп директорлору жана агартуу тармагынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө демөөрчү тарабынан жалпы республикалык тестирлөөдөн 210 упай алган Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Алмазбек кызы Саламатка тарабынан өзүнө ноутбук, ал окуган Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебине "Ниссан Примера 12" үлгүсүндөгү унаа тапшырды. Мындан тышкары, Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин 208 упай алган окуучусу Тунук Жаныбекова, Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 205 упай алган окуучусу Айкүмүш Кумарбекова, Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин 203 упай алган Рамзан Кадырбеков, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 200 упай алган окуучусу Аделя Шамшыбекова жана бул окуучулардын мугалимдерине акчалай сыйлык ыйгарылды.
Ошондой эле, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 5 окуучуга акчалай сыйлык жана мугалимдерге ыраазычылык каттар тапшырылды. Мындан тышкары, Баетов айыл өкмөтү тарабынан билим берүүгө кошкон салымы үчүн Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебине 20 миң сом, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине 30 миң сом жана жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандыгы үчүн Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине 100 миң сомдун сертификаттары тапшырылды.
Мындан тышкары, мугалимдерге, айрым директорлорго жана райондун өнүгүшүнө салым кошкон адамдарга Жогорку Кеңештин, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттарын, ардак грамоталары тапшырылса, ал эми Марлес Апиловго Ак-Талаа районунун "Ардактуу атуулу" наамы ыйгарылды.
--
Отправлено из Mail для Android