Сарыке балбандын Жолборс жана Шер деген эки уулу мындан 300 жыл мурда болжол менен 1690-жылдары Көлдөн Өзгөн менен Кетмен-Төбөгө жер которуп кетишкен. Жакында Сарыкенин Ак-Суу районунда жашаган Буларкы, Соно, Кедей ( Кески) уругунан тараган урпактары Токтогул, Өзгөн районунда болушуп туугандар жылуу маанайда көрүшүп, 300 жылдан кийин карым -катнаш түзүп жакындан таанышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.