Кечээ, 19-июнь күнү Кара-Суу шаарындагы турак үйдөн өрт чыгып, коңушу үйлөргө жана “Алтын эне” бакчасынын жайкы ашканасына жайылган. ӨКМдин басма сөз ызматы билдиргендей, өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда 1967-жылы туулган З. Пазиловага тиешелүү турак үй күйүп жаткан, күйүп жаткан турак үйдүн түндүк тарабында 1974-ж. Тургуну Акимова Раного таандык бастырмасы,күн чыгыш тарабындагы Ак-Өргөө көчөсүнүн 10/34 дарегиндеги 1971ж.т. Абдрасулова Рукияга таандык “Алтын-Эне” жеке бала-бакчанын жайкы ашканасынын чатыры жана ички бөлмөлөрү күйгөн, турак үйдүн чыгыш тарабындагы Ак-Өргөө көчөсүнүн 10/32 дарегиндеги 1985-ж.т Тагайбек уулу Айбеке тиешелүү жайкы ашканасынын чатыры жан ички бөлмөлөрү жалындап күйүп жаткан.