Бүгүн 3-июнда С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында жайкы туристик сезону салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана 10дон ашуун өлкөдөн чакырылган коноктор катышты. Фестивалдын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев туристик сезонду расмий ачып, туризм аймактарга чоң түркү берерин билдирди.