Ак-Талаа; Согуш ардагерлеринин байбичеси Зууракан Буйлашова 95 жашка чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 123
 
Опубликовано 1 Мая 2025, 02:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 95 жаштагы тургуну, согуш ардагеринин байбичеси Зууракан Буйлашова менен мугалим жана окуучулар жолугушуп, үй иштерин жасап беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинин класстан тышкары иштердин уюштуруучусу Нургүл Шаршенованын айтымында, өзүнүн уюштуруусу менен 9-май Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, маркум Садык Буйлашовдун байбичеси менен 8-класстын окуучулары жолугушту.

"Жолугушууда Зууракан апа жолдошу Садык ата тууралуу, өзүнүн тылдагы эмгектери, чөп чапканы, орок оргону, сакмалга барганы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өзүнүн акыл-насааттарын айтып, батасын берди. Ошондой эле, үй иштерине бир аз болсо дагы кол кабыш кылып,  окуучулар айлана-чөйрөсүн тазалап, үй ичин жыйнап, терезелерин сүртүп, жууп, бакчасын тырмап дегендей. Зууракан апа улуу баласы Калыбек Буйлашовдун колунда. Бул окуучулар үчүн абдан таасирдүү жолугушуу болду", - деди Н.Шаршенова.

Ал эми Зууракан Буйлашова апа жолдошу Садык Буйлашов менен согуш бүткөндөн кийинки жылдары баш кошушкандарын айтты.

"Садык менен согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы үйлөндүк. 30 жыл бирге түтүн булатып жашап, 10 балалуу болдук. 1979-жылы каза болуп калды. Согуш учурундагы окуяларынан айтып калчу. Унутуп деле калдым. Согушта 2 эле жыл жүрдү. 2941-жылы барып, 1943-жылы келди. Согуш учурунда колуна ок тийип, колунан ажырап калып келген. Андан бери 10 баланы үйлөнтүп-жайланттым. Союз учурунда кой бактык, чөп чаптык, арык каздык, тоонун баарын араладык. Биз кылбаган оокат калган жок. Өзүм болсо азыр 95 жаштамын. Анан эми азыркы жаштар ыймандуу, ырыс-кешиктүү, жакшы балдар болушсун. Анан "соткадан" алысырак болсун дейт элем. Менин суранарым ушул. Аман жүргүлө, жакшы иштегиле, үй-бүлөгө, ата-энеге кайрымдуу болуп жакшы балдардан болуп өскүлө. Элге-журкат пайдаңарды тийгизип, жакшы окуп, билимдүү болгула", - деди Зууракан апа.

--
Отправлено из Mail для Android