Бишкек—Нарын—Торугарт айланма унаа жолунда жол эрежесин бузгандар «Автоураган» аппараты менен жабдылган унаалар жана дрон аркылуу аныкталып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол-унаа кырсыктардын алдын алуу, өзгөчө адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын болтурбоо максатында карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоо иш-чарасы күчөтүлөт.