Ак-Талаа; Баетов - Кош-Дөбө унаа жолундагы чөгүп кеткен жол тилкеси оңдолууда

turmush
Скачать
Просмотров: 163
 
Опубликовано 16 Апреля 2025, 22:43

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунда айдоочуларга көйгөй жаратып жол тилкеси оңдолуп баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мындан 4 саат мурун Ала-Буга айыл аймагынын тургуну Талантбек Орунбаев аталган жолдогу Чолок-Кайың айылынан өткөндөн Жерге-Тал багытындагы жолдун эки жери чөгүп, жеңил унаалар өтө албай жаткандыгын, андан соң оор жүк тартуучу унаалар ошол жерге тыгылып, чыга албай калгандыгын кабарлаган эле.

Бул боюнча Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Асанбек Билимбек уулу чөгүп кеткен жолду оңдоо иштери башталгандыгын айтты.

"Баетов - Макмал унаа жолундагы чөгүп кеткен жол тилкелерин жасап жатканбыз. Ак-Чий айылы тарапта чөгүп кеткен жолдорду жасап бүттүк. Четинен жасап бара жатканбыз. Чолок-Кайың айылы тараптагы бул чөгүп кеткен жол дагы жасалмак. Баарын бир күндө бүтүрө албайт экенбиз да. Анын үстүнө 2-3 күндөн бери жаап жаткан жамгыр дагы ошондой жолдун бош, чөгүп турган жерлерин огобетер эзип салды да. Азыр кечки саат 20:30 болду. Аталган жерге жол тейлөө ишканасынын жол жумушчулары жана тиешелүү техникаларыбыз менен келип, тыгылып турган унааларды сүйрөтүп чыгарып, жолду оңдоо иштерин баштадык. Түн болсо дагы жолдун чөгүп кеткен астын тазалап, кайра шагыл төгүп, таптап жасап жатабыз. Түн болсо дагы бүткөрөбүз", - деди Асанбек Билимбек уулу.

--
Отправлено из Mail для Android