Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунан унаалар өтө албай кыйналып жатышканын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга кабарлашты.
Ала-Буга айыл аймагынын жараны Талантбек Орунбаев аталган жолдун бир жери чөгүп, унаалар өтө албай турган абалга жеткенин кабарлады.
"Чолок-Кайың айылынан нары Жерге-Тал айылын көздөй чыккандагы жол көлкүлдөп калды. Темир жол салуу үчүн оор жүк тартуучу унаалар тонналаган тууралуу темир жүктөп өтүп жатышкандыгынан улам Чолок-Кайың айылынын наркы башындагы жолдун эки жери чөгүп, жол көлкүлдөп калды. Мындан 4-5 күн мурун бир жеңил унаа түндө келе жатып, ошол жерден жыгылып, аварияга учурады. Кудай сактап, унаадагылар жабыр тарткан жок. Ошондон кийин, дагы унаалар кырсыктабасын максатында айдоочуларга эскертип ал жерге учуна жылтырак байланган чыбык сайып койдук. Бул жолго шагыл төгүп, оңдоп коё турчулар барбы? Жолдун такыр эле ашмалтайы чыгып калды. Жеңил унаалардын ал жерден өтүшү кыйын болуп калды", - деди ал.
--
Отправлено из Mail для Android