Ак-Талаа; Таштандыга толгон Как-Көл талаасы

turmush
Скачать
Просмотров: 60
 
Опубликовано 15 Апреля 2025, 17:41

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын күн чыгыш тарабындагы Как-Көл талаасы таштандыга толуп турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өткөн ишемби күнү же тактап айтканда 12-апрель күнү райондук мекеме-ишканалар ишембиликке чыгышып, аталган айылдын күн батыш тарабындагы Кара-Чий талаасына, күн чыгыш тарабындагы Как-Көл талаасында жана Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун жээгине ташталган таштандыларды жана "ак чардактай" ары-бери учкан целлофан баштыктарды терип, таштандыдан арылтышты.

Бирок, Как-Көл талаасында жол жээктери жана талаалардагы таштандылар терилип, тазаланганы менен таштандыдан толук арылган жок. Анткени, ал жерде мурда таштанды төгүүчү жай болуп, таштандылар чыгарылып же жер Алтынай көмүлбөгөндүктөн, учурда дагы жергиликтүү жашоочулар тарабынан таштандылар төгүлүп келет. Ал эми төгүлгөн таштандылар кайрадан эле ары-бери учуп талааны жана жол жээктерин булгап жатат.

--
Отправлено из Mail для Android