Айланма жолдун жээгиндеги талаадан өрт чыкты

turmush
Скачать
Просмотров: 175
 
Опубликовано 15 Апреля 2025, 10:24

Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунун жээгиндеги талаадан өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, окуя, кечээ 14-апрелде аталган унаа жолдун Бишкек менен Токмок шаарларынын оросундагы тилкесинде болгон.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрт кырсык тууралуу тактоо жүргүзүп жатат.