Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Байгөнчөк айылындагы бала бакча жана мектеп директору бала бакча менен мектепке байланышкан көйгөйдү айтып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинин директору Мирбек Чырмыев мектепке актовый залын оңдоодон өткөрүү керектигин айтты.
"Өткөн жылы мектептеги актовый залыбызды оңдоотуу үчүн түрткү берүүчү грантка 4,5 млн сомго долбоорун даярдап сугуштаганбыз. Ушуну көзөмөл кылып, эртелетип берсеңиздер сонун болот эле. Анткени, окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоодо, мамлекеттик сынак алууда жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүдө кыйналып жатабыз да", - деди ал.
Ал эми "Байгөнчөк-Келечеги" бала бакчасынын директору Асел Алымкулова бала бакчага кошумча корпус куруу зарылдыгын айтты.
"Биздин бала бакча 44 орундуу. Ички бөлмөлөрүбүз тар болуп, санпиндин нормаларына эч кандай жооп бербейт. Санузелин деле өзүбүз жасап алганбыз. Ал деле кулайын деп турат. Эски имарат экен. Убагында оңдоп-түздөп, бала бакча кылып коюшкан. Бизге кошумча корпус курулса жакшы болот эле да", - деди ал.
--
Отправлено из Mail для Android