Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылынын тургуну мектептин эскилигин эскертүү кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты жана район акими катышкан элдик жыйында айыл тургуну Мурасбек Керимов мектептин эскилиги жеткендигин жана класстык бөлмөлөр тар болуп, балдардын билим алуусуна ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын жана кошумча корпус куруу зарылдыгын белгилеп өттү.
Мектептин аннотациясы;
Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби 1999-жылы ашар жолу менен курулган. Ошол жылдары Жерге-Тал айылында 30-40 түтүн гана эл болгондуктан, мектеп ошого ылайыкташып салынган. Азыркы күндѳ 140-150 түтүн калк жашайт. Мектепке тартылган окуучулардын саны жылдан жылга ѳсүп жатат. Санитардык талаптарга ылайык класстык бѳлмѳлѳр тар болууда. Мындан сырткары, ашар жолу менен салынгандыктан китепкана, спорт залы жок, актовый зал талапка ылайык курулган эмес. Класстык бѳлмѳлѳр 8-10 окуучуга гана ылайыкташып салынган. Мектептин жалпы аянты 314,65 метр чарчы болсо, класстык бѳлмѳлѳр 21 метр чарчы. Жалпы 6 окуу бөлүмү, 1 компьютердик класс (10,47м2) жана усулкана бар.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы №295 токтомунун редакциясына ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптарда бир окуучуга 2 чарчы метрден кем эмес аянт туура келиши керек жана доскага чейинки аралык 2-3 метр чарчыны түзүш керек. Бүгүнкү күндө 13 класс комплексти болгондуктан 2 мөөнөткө батпай даярдоо классы 3 мөөнөт менен окутулуп жатат.
--
Отправлено из Mail для Android