Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагына караштуу Байгөнчөк айылында айыл башчынын иш кеңсеси өрттөнүп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн 10-апрель күнү болжол менен таңкы саат 05:00 дөр чамасында аталган айылдагы мурунку айыл өкмөттүн, кийинки айыл башчынын иш кеңсесинде өрт чыгып, имарат толугу менен өрттөнүп кеткендиги маалым болду. Ошондой эле, имараттын ичинде айылдык китепкана дагы жайгашкан. Китепканада электрондук каттоодон өткөн 3 миңге чукул китеп болгон. Имараттын дубалы гана калгандыгы айтылды.
Ал эми райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Шадыбеков өрт кырсыгы болгондугун тастыктады.
"Ушул жылдын 10-апрель күнү таңкы саат 05:48 де Байгөнчөк айылынын Салык кызы Курманбүбү №1 дарегинде жайгашкан айыл өкмөттүн имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Ак-Талаа райондук №47-өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулар тобунун 1 бөлүмү тартылып, алар саат 06:04 убактысында айылга жетип, саат 06:21 де өрттү курчоого алышкан. Имаратта ар кандай керектүү эмерек-жабдуулар, иш-кагаздар болгон. Ошондой эле, имараттын ичинде китепкана дагы жайгашкан. Өрттүн эмнеден чыккандыгы азырынча белгисиз", - деди Ж.Шадыбеков.
--
Отправлено из Mail для Android