Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну курулуп жаткан футбол аянтын аягына чыгарып берүүлөрүн өтүндү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты жана район акими катышкан элдик жыйында айыл тургуну Билимбек Асылбеков айылда курулуп келе жатып, учурда курулуш иштери токтоп турган футбол аянтынын курулуш иштерин эртелетип бүткөртүп берүүнү өтүндү.
"Айылыбызда 2023-жылы мини футбол аянтчасы курулуп баштаган. Тилекке каршы, кандайдыр бир себептер менен тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө жана курулуш ишканасына кылмыш иши козголуп, курулуш иштери токтоп калган. Бардык курулуш материалдары турат. Болгону, 1 жумалык иш кылган. Ушул ишти эртелетип бүткөрүп берип коюшса болмок", - деди ал.
Ал эми келген өкүлдөр, бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын эске алып, мыйзам боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан ишке талап кыла алышпастыгын, бирок өтүнүч кылып көрүшөрүн билдиришти.
--
Отправлено из Mail для Android