Ак-Талаа; 1 миң гектардан ашык жайыт жердин категориясы өзгөртүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 92
 
Опубликовано 25 Марта 2025, 08:05

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын тургундары айылдын күн чыгыш тарабында жайгашкан 1 миң гектардан ашык жер аянтка сугат суу каналын куруу зарылдыгын айтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 24-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков Ак-Талаа районуна иш-сапары менен келип, Ак-Тал айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан айылдын күн чыгыш тарабында 1 миң гектардан ашык талаа жатканын, ал жерди айдоо аянтына айландырып, сугат суу каналын куруу менен бирге эле айдоо аянттары жок жарандарга үлүшкө жер кылып берүүнү суранышты.

Айыл тургуну Эркинбек Сатаров; - Куланак суу сактагычы салынып жатат. Айылдын аркасынан нары өткөндө 1 миң гектар аянттын тегерегинде жер бар. Ошол жерге сугат суусун алып келүүгө канал курулуп калса, ошончо жер жаңы өздөштүрүлүп калат эле. 1 миң гектар жерди суу басып калса, айыл эли үчүн аябай жакшы болмок да. Ушуну эске алып койсоңуздар.

Айыл тургуну?????? - Биздин айылда 580 гектар суу баскан аянт бар. Андан сырткары, 100 дөн ашык жаштар үйү жок, турак-жай салуу үчүн жер алууга кезекте турушат. Айылдын күн чыгыш жагында аталып жаткан 1 миң гектардан ашык жер бар. Бул жер жайыт категориясында турган жер да. Ушул жерди мүмкүнчүлүк болуп калса айдоо аянтка өткөрүп берсеңиздер, анан жер алууга кезекте тургандардарга ошол жерден жер берип, айылды өстүрөт элек. Андан сырткары, канчалаган кишилер үлүш жерлери жок жүрүшөт. Ошол жерден үлүшкө айдоо аянт кылып берсеңиздер, канчалаган адамдар жерлүү болуп, бутуна туруп калат эле да.

Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров; - Аркадан өткөндөн кийин сол тарапта жалпы 1300-1500 гектардай жер бар. Биз 2 жыл мурда кайсы бир долбоор аркылуу ошол жердин 1012 гектар жерди трансформация жасап, айыл чарба багытында кайра айдоо аянтына өткөрүп койгонбуз. Бул жагынан маселе болбойт. Тактап айтканда, 1012 гектар жер жайыт жер категориясынан айыл чарба багытындагы кайрак жер категориясына которуп койгонбуз. Канал курулуп калса эч кандай маселе болбойт. Документтик иштери толук бүткөн. Үлүш жер катары бергиле деп жатасыздар. Үлүш жер мындан ары берилбейт, урматтуу туугандар. Анткени, жерлерди үлүшкө берүү 1996-жылдын июнь айынан чейин үлүшкө жер берилген. Андан кийин токтотулган. Бирок, бул жерди айыл өкмөттүн карамагына, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна алып, андан соң мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелер аркылуу (ижара) дыйкандарга берилет. Эл үчүн жасалган жумуш, элге берилет.

--
Отправлено из Mail для Android