Ак-Талаа; Ак-Тал айылында таза суу көйгөйү көтөрүлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 56
 
Опубликовано 25 Марта 2025, 01:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылынын тургундары таза суу көйгөйүн айтып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ 24-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков аталган айылдын эли менен жолугушуу учурунда айыл тургундары таза суу тутумунун эскилиги жетип, суу тартыштыгы башталгандыгын билдиришти.

Ак-Тал айылынын тургуну Эркинбек Сатаров; - Чындыгында, бизде таза суу көйгөйү орчундуу маселеге айланып баштады. Таза суу тутуму акыркы жолу 2007-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн экен. Учурда, жер алдындагы суу түтүктөрү чириптир. Долбоорлоо жасалат деген жакшы маалымат уктук. Эми ошого кошумча сунуш... Заманбап болуш үчүн долбоорлоо иштерине канализациясы менен кошо жасалып берсе кандай болот? Эми алдыга карай өнүгүш керек да. Ушул сунушту дагы эске алып койсоңуздар.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков;

- Буга чейин Ак-Тал айылында таза суу көйгөйү бар экендиги мага айтылган эмес. Эми, 2025-жылдын бюджети 2024-жылдын декабрь айында эле бекип бүтөт да. Ал үчүн алдын ала долбоорлоо иштерин бүткөрүп, каржылоо булактарын издешибиз керек. Быйыл, таза суу жасалбайт. Ошого карабай, долборлоо иштерин баштап жатканбыз. Кудай буюрса, кийинки жылдарга аракет кылабыз.

--
Отправлено из Mail для Android