Искра айылындагы таштанды талаасына өрт койгон жаран видео аркылуу табылды

turmush
Скачать
Просмотров: 649
 
Опубликовано 24 Марта 2025, 09:17

Чүй районунун Искра айылындагы таштанды талаага өрт койгон жаран видео аркылуу аныкталды. Бул тууралуу Токмок шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакка Искра айылына жакын жердеги таштанды талаасы күйүп жатканы тартылган видео жарыяланган. Таштанды талаа Токмок шаарынын мэриясына карайт.