Жумгалда Нооруз майрамы жүрүш менен башталды

turmush
Скачать
Просмотров: 583
 
Опубликовано 21 Марта 2025, 14:20

Нарын облусунун Жумгал районунда Нооруз майрамы мекеме кызматкерлеринин жүрүшү менен башталып, борбордук аянтта калың элдин коштоосунда салтанат улантылды. Жалпы райондогу 30дан ашык мекеменин кызматкерлери улуттук кийимди даңазалоо менен жүрүштөн өтүштү.

Алгач маданият кызматкерлеринин театралдык оюн зоогу менен башталып, умай эне аластап, кыдыр ата ак батасын берип, эл жерге тилек айтылып калың элге жасалган сүмөлөктөр таратылды. Ошону менен бирге концерттик программа тартууланып, куттук айтылды.

Майрамдык салтанат спорттук оюндар менен толукталды.