Нарын облусунун Жумгал районунда кезектеги сүмөлөк бышыруу жөрөлгөсү 26-кесиптик лицейдин жамаатына берилген. Бүгүн, 20-мартта 10:00до сүмөлөк бышыруу башталды. Алгач казанга 40 токоч бышырылып тилектер айтылып, андан соң ак элечек кийген, ак жоолук салынган энелер сүмөлөктү башташты.