Чүй районундагы ачык аянттан чыккан өрттү өчүрүүгө 3 бөлүм, 28 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-мартта Чүй районундагы Арал айылынын жана Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.