«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл аймагынын тургундары Ислам Укоев менен Ырыскүл Эгембаева. Алар бирге түтүн булатып келе жаткандарына 11 жыл болду.
Каармандарыбыз «Өнөрлүү ата, мээримдүү апа» райондук сынагына катышып, «Шайыр үй-бүлө» номинациясын утуп алышты.